Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектейт

16:46, 30 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул боюнча буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Нургазы Анаркулов «Майдан.kg» сайтынын башкы редактору, «Ата-Журт», «Мекенчил» саясий партияларынын маалымат катчысы болуп иштеген.