ЭлТРдин башкы директору алмашты

11:42, 30 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Шайиста Шатманова ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Анын ордуна телеканалда режиссер болуп эмгектенген Эрлан Догдурбеков дайындалды.

Эске салсак, Шайиста Шатманова кызматка 19-октябрь күнү дайындалган. Ал эми жамаат ага каршы болуп, 26-октябрда нааразычылык акциясына чыгышкан.