Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышат

10:02, 30 октября 2020, Бишкек - 24.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу саясатчы билдирди.

Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

БШКнын маалыматында, президентттик шайлоого талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт.

Адахан Мадумаров 2017-жылы дагы президенттик шайлоого катышып, үчүнчү орунду ээлеген.