Каныбек Осмоналиев КУУга ректор болмокчу. Ага университет жамааты каршы

12:23, 29 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Каныбек Осмоналиев Кыргыз улуттук университетине ректорлукка көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын жамааты бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Алардын айтымында, Каныбек Осмоналиевдин жаш курагы 65тен ашып калгандыктан, ал ректор боло албайт.

«Университеттин жетекчисин дайындоо боюнча жобого ылайык 65 жаштан ашкан талапкер шайлоого катыша албайт», — дейт Мырзабек Камчыбек уулу.

Окутуучулар билим берүү тармагын саясатка, кызмат бөлүштүрүүгө аралаштырбоого чакырат.