COVID-19. Баткен облусунда бир бейтап каза болду

10:25, 29 октября 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 илдетинен Баткен облусунда бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Учурда 3 миң 444 бейтап ооруканада, 3 миң 580 киши үйдөн дарыланууда.

Март айынан бери Кыргызстанда 56 миң 798 киши вируска чалдыгып, аны 1 миң 139зу каза тапты.