Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү парламент алдында ант беришти

16:25, 28 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Президент жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана өкмөттүн башка мүчөлөрү парламент алдында ант беришти.

Эске салсак, бүгүн депутаттар Эльвира Сурубалдиеваны социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке бекитишти. Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри ордуна талапкер Аида Исмаилова мурдагы кесиптештеринин колдоосуна жетише албады.