10:46, 28 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкек мэриясынын алдында кайтадан митинг өтүүдө. 70ке жакын адам чогулуп, кечээ бошотулган вице-мэрлерди кызмат орундарына кайтарып келүүнү талап кылууда.
Алардын алдына мэрдин милдетин аткаруусы Балбак Түлөбаев чыкты. Ооруп жаткан адамды кызматынан бошотуу мыйзамдуубу деген суроого ал «жок» деп жооп берди.
Митингчилер «Вице-мэрлерди кайтаргыла! Алар иштесин!» деген жазуулары бар транспоранттарын көтөрүп алган.
Эске салсак, кечээ мэрдин милдетин аткаруучу Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди вице-мэрлик кызматынан бошоткон.
Виктория Мозгачеванын айтымында, мэрдин милдетин аткаруучу аларды өзүнө чакырып, «вице-мэрлердин орду керек болуп жатат, кызматыңардан кеткиле» деп айткан имиш.