COVID-19. Бишкекте эки бейтап каза болду

11:11, 27 октября 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 илдетинен Бишкекте эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Учурда 3 миң 398 бейтап ооруканада, 3 миң 454 киши үйдөн дарыланууда.

Март айынан бери Кыргызстанда 56 миң 738 киши вируска чалдыгып, аны 1 миң 136сы каза тапты.