Медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр боюнча министрлик жообу

17:03, 26 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Комиссиянын кароосуна саламаттык сактоо уюмдарынан 2 миңге жакын документ келип түшкөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

2020-жылдын 26-октябрына карата саламаттыкты сактоо уюмдарынын 377 кызматкерине ар бирине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсация төлөндү.

Мындан тышкары, каза болгон 27 медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 млн сомдон акчалай компенсация төлөндү.

«Кызыл зонада» иштегендиги үчүн сентябрь айында 5241 медициналык кызматкер жалпы суммасы 71 миллион 671 миң 429 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм алышты.