Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетти

12:53, 26 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетти. Бул тууралу ал 24.kg маалымат агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, ага башка жумуш сунушталмакчы.

«Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум», — деди ал.

Түлөбаев 6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин «моралдык укугу жоктугун» айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок, анын отставкасы кабыл алган эмес.