18:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Ооруканалардагы орундардын 39 пайызы бош турат

Ооруканалардагы орундардын 39 пайызы бош турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 жана эпидемиологиясы такталбаган пневмония менен ооругандарга стационардык жардам көрсөтүү үчүн 5006 койко-орун ишке киргизилди.

«Алардын 39 пайызы бош турат», — дейт ал.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 8 миң 163 орун каралган. Министрлик күнүгө мониторинг жүргүзүп жата жана зарылчылык болсо адистештирилген саламаттык сактоо уюмдары дагы тартылат. Кошумча койкалар 80 пайыздан ашык керебеттер толгон учурда ачылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума