Бишкекте вандалдар павлиндин айкелин өрттөп кетишти

09:49, 26 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Эркиндик саябанында жыгачтан жасалган тоостун бедизин вандалдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Акыркы кезде вандалдар тууралуу бат-баттан жазып калганым абдан өкүнүчтүү. Павлиндин скульптурасы 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн алып кетип турчубуз. Эми аны вандалдар өрттөп салыптыр. Эмнеге мындай кадамга барышканы белгисиз», — деди Айдаралиева.