14:21
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Өмүрүмө кол салуу жөнүндө дагы ойлодум». COVID-19 психикага катуу сокку урат

Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну күч алды. Дарыгерлер экинчи жолу вирус жугузуп алгандар жөнүндө айтышууда. Ал арада жаз-жай айларында вируска кабылгандардын айрымдары дагы кесепеттери менен күрөшүп жатканын айтышууда. Айрыкча, психологиялык жактан жабыркагандардын реаблитациясы узакка уланууда.

Коронавирус менен үй-бүлөсүнүн күрөшү боюнача 24.kg агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Малика Үсөнова айтып берди.

Уйкусуз, коркуу менен өткөн күндөр

Малика Үсөнованын айтымында, ал вирус баштагандан бери эле жакындары үчүн кабатыр болуп жүргөн.

«Алар ооруп айыккандан кийин өзүмдүн саламаттыгым үчүн кабатыр боло баштадым. COVID-19га тиш оору дагы кошулду. Ал күндөрү стоматологдор карантинге жабылып калган. Абалым начарчалаган сайын оюма ар кандай ойлор келип, көзүмө өлүм да көрүнө баштады», — деп эскерет ал.

Уйкум качты. Атайын дарыларды ичип дагы уктай албай койлдум.

Малика Үсөнова.

«Башында уйку дарыларынын төрттөн бир бөлүгүн ичип жатсам, бара-бара кечинде үчтөн ичип алып жаттым. Баары бир жакшы уктай албай, эртең менен башым ооруп чыгат. Тамчылатма дары алып жатып, аны эстен чыгарып, ордумдан туруп кеткен күндөр болду. Күнү-түнү эмнеден өлүп калышым мүмкүн деген ойлор кетпей койду. Коронавирус денеден 12 мүчөсү баары бирдей ооруп жаткандай түр калтырат», — дейт ал.

Малика психологго кайрылып, алар ага дем алуу көнүгүүлөрүн жасоону сунушташты. Бирок, ал дагы жардам берген жок.

«Бишкектеги инфекциялык ооруканага түштүм. Коркуу жана ички дүрбөлөң күчөдү. Палатадагы кошуналарым дагы ар кандай коркунучтарды айтып, жүрөктүн үшүн алып жатышты. Мындай учурда эс-тутум начарлап, жаман ойлор курчап калат экен. Медиктер келип көрүп кеткенин унутуп, дарыгерлер карабай жатат деп арызданган күндөр болду», — дейт Малика.

Малика дарыгерлерге кеч кайрылганын түшүнүп, өзүн күнөөлөөгө өтөт.

«Бир эле эч нерсеге көңүлгө жакпайт, бир эле коркуп баштайм. Өмүрүмө кол салсамбы деп да ойлодум. Бир убакта болду эми, өлдүм деген да чечимге келдим», — дейт ал.

Жашоого кош көңүл

Малика жаман ойлордон көнүгүүлөр, тамак-аш жана палата ичинде ары-бери басуу арылууга аракет жасаганын айтат.

«Анан мени ооруканадан чыгарышты. Үйдө мен эч нерсе кыла алган жокмун. Уктай албайм, тамак жей албайм, же туугандар менен сүйлөшкүм келбейт. Адатта мен ыйлаак болчумун, мында таштай катуу болуп калдым. Мага «Тур, сен айыктың» дешет, мен болсо, баардык жактан ковиддин белгилерин издеп, саламаттыгымдын жакшы эместигине арызданып жаттым», — деп эскерет Малика.

Медиктер коркпой, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Бул вирус коркуу сезими менен азыктанат.

Малика Үсөнова.

«Кантип коркпойсуң? Айланада баары вирус жаңы илдет экенин, анын кесепети иликтенбей, күн сайын өлгөндөр боюнча маалымат кетип жатса?! Ушунчалык катуу стресске түшкөндүктөн дары ичиш да эстен чыгып, кайсы бир болуп өткөн окуяларды дагы эстей ала албай жаттым. Мен билгенден коронавирустан кийин бир нече адамдар Психикалык ден-соолук республикалык борборуна жатып чыкканын билем», — дейт Малика.

COVID вирусунан кийин толук сакаюу убакытты талап кылат

Психиатр Лилия Пантелееванын айтымында, коронавирустан айыккандан кийин психологиялык абалын калыбына келтирүү үчүн бир нече ай талап кылынат.

Коронавирус менен ооругандардын уйкусу бузулуп, эс тутуму начарлап, тез чарчап, кыжырлуу болуп калышат.

«Коркуу, эмоциалдык абалдын начарлашы айрыкча ИВЛ аппаратка кошулгандарда болот. Дем жетишпей, өлүм көзүнө көрүнүп, жүрөгү катуу согуп баштайт», — дейт адис.

Адистен кеңеш:

— Күнүнө 40 минут сейилдөө;

— Жаңылыктардан алыс болуу;

— Дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо;

— Көңүлгө жаккан нерселерди (музыка угуу, бийлөө, китеп окуу) жасоо;

— Спирттик ичимдиктер жардам бербейт.

Эң көп окулган жаңылыктар