17:24
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Марлен Маматалиев депутаттарга иш бөлмөлөрүн өз каражатына оңдоону сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев депутаттарга Ак үйдөгү иш бөлмөлөрүн өз каражатына оңдоону сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Facebook баракчасына жазып чыкты.
 
Эл өкүлүнүн пикиринде, депутаттардын 90 пайызы иш кабинеттерин өз эсебинен оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
 
«Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштаймын. Келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз акчабызга сатып алалы. Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 миллион сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси — тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз», — дейт Марлан Маматалиев.
 
5-октябрдагы башаламандыкта митингчилер Ак үйдүн имаратын талкалап, тоношкон. Анда 450 миллион сомдук чыгым келтирилгени айтылууда. 
 
Эң көп окулган жаңылыктар