11:51, 23 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Республикабыздын саламаттык сактоо уюмдарында 322 миллион 396,8 миң сомдук дары-дармек бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 45,7 миллион сомдук дары-дармек бар, Ош облусунда — 179 миллион сом, Жалал-Абад — 41,5 миллион, Баткен — 20,3 миллион. Мындан тышкары, Чүй облусунда 13,5 миллион сом, Нарын облусунда — 12,8 миллион, Ысык-Көл — 7 миллион жана Талас облусунда — 5 миллион сомдук дары-дармек топтолгон.
«Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алсак, дары дармектер 1-1,5 айга же 8-10 миң бейтапты дарылоого жетет. COVID-19 эпидемиясы башталгандан бери Камсыздоо фондунун бюджетинен 1 миллиард 611 миллион 804,6 миң сом бөлүнгөн», — дешет фондунун кызматкерлери.