Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 10 жашар бала кулап каза тапты. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.
Маалыматка караганда, бала Малдыбаев көчөсүндөгү үйдүн 17-кабатынан бой таштаган.
Алдын-ала билдирүүлөрдө баланын онлайн билим берүүдө кыйынчылыктары болгонун ырастайт.