20:48
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

COVID-19. Баткен жана Ош облусунда вируска чалдыккандардын саны өсүүдө

Өткөн суткада өлкө боюнча 582 киши коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Эң көп учур Ош облусунда катталды. Бул аймакта 127 кишиден вирус аныкталып, жалпы саны 10 220га жетти. Баткен облусунда 113 жаңы учур табылып, 4 миң 611ге жетти.

Бишкек шаарында — 63, Ош шаарында — 59, Чүй облусунда — 81, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 86 кишиден вирус табылды.

Март айынан бери Кыргызстанда 54 миң 588 киши коронавируска чалдыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар