5-октябрдагы митингден кийин «Ак үй» 450 миллион сомго зыянга учурады

10:44, 23 октября 2020, Бишкек - 24.kg

5-октябрдагы митингден кийин «Ак үй» 450 миллион сомго зыянга учурады. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, президент менен парламент жайгашкан имаратты калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом талап кылынат.

Белгилей кетсек, 5-октябрь түнү Бишкекте милиция менен митингчилердин кагылышуусу катталып, «Ак үй» талкаланган. Жогорку Кеңештин депутаттары жыйындарын мамлекеттик резиденцияда өткөрүүдө.