Парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылды. Алдыда конституциялык реформа күтүлөт

10:37, 23 октября 2020, Бишкек - 24.kg

20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоо токтотулду. Бул тууралуу чечим кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө миыйзамдын 38инчи жана 63-беренесин убактылуу токтотуп туруу сунушу колдоого алынды. Аталган беренелерде парламентке кайра шайлоо өткөрүү жол-жобосу жана мөөнөтү каралган.

Кечээ кабыл алынган мыйзам долбоор боюнча парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин белгиленет. Ага чейин азыркы эл өкүлдөрү иштешет. 

Мыйзам долбоору боюнча өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүлүп, андан кийин гана шайлоолор өтөт. 

Белгилей кетсек, БШК парламентке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.