COVID-19. Бишкек шаарында бир суткада 123 жаңы учур катталды

10:15, 22 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада 547 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Эң көп учур Бишкек шаарында (123) жана Баткен облусунда (90) кишиден вирус аныкталды.

Ош шаарында - 52, Чүй облусунда – 76, Ош облусунда - 85, Талас облусунда - 15, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусу – 23, Жалал-Абад облусунда – 79.

Март айынан бери 54 миң 6 киши коронавирус жуктурду.