Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды

09:40, 22 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Аны кечээ башкы прокурорлук кызматка парламент бекитти.

Мурдакы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.