Сурамжылоо учурунда жумуш берүүчүлөрдүн 40% мигранттарды жалдоодо маянадан үнөмдөөнү артыкчылык катары көрсөтүшкөн. Дагы 45% алар орусиялыктарга караганда жакшы иштерин, 19% мигранттар жумуштан сейрек бошонушарын белгилешкен.
Компаниялар менталитеттеги айырмачылык жана тил барьерин минус катары эсептешет. Бирок мигранттарды ишке орноштуруудагы бюрократиялык кыйынчылыктар эң эле чоң тоскоолдук катары саналган. Иш берүүчүлөрдүн дагы 27% мигранттардын жашаган жери жана транспорту үчүн кеткен чыгымдарын төлөшөрүн белгилешип, муну да кемчилик катары көрсөтүшкөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, пандемиядан улам мигранттар өз өлкөлөрүнө кеткенине байланыштуу компаниялардын 15% жаңы кардарларды ыкчам түрдө тандоодо кыйынчылыктарга туш болушат.
Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин шаарда эмгек мигранттары 40% азайганын билдирген. Ал баш калаанын тазалык кызматында убактылуу иштеген жумушчулардын жетишсиздигинен улам кышка кам көрүү үчүн аймактардан жумушчу күчтөр тартылып жатканын айткан.