16:29
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Садыр Жапаров жемкорлорго экономикалык амнистия жарыялады

Садыр Жапаров өлкөдө экономикалык амнистия жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы анын кайрылуусун таркатты.

«Ушул күндөрү мамлекеттик бийлик бутактарына олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат. Анын ичинде президенти жана өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан мага өтө чоң жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктар берилди. Мындан улам, бизге ишеним арткан жалпы журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарыялайм», — деп жазылган кайрылууда.

Садыр Жапаровдун айтымында, анын максаты: мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу, өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу, оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү, көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу, ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү, макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү, өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу жана мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө.

Ушуга байланыштуу Жапаров элдин ырыскысын тоногон жемкорчуларга, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы аткаминерлерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга 30 күн убакыт берди.

«Силер, өзүңөр деле, ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казнага кайтарып бергиле! Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Жетишет! Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам. Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат», — деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар