COVID-19. Бишкекте бир суткада 125 учур катталды

10:05, 21 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте өткөн суткада 125 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Өткөн суткада Ош шаарында — 37, Чүй облусунда — 53, Ош облусунда — 82, Талас облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 24, Жалал-Абад облусунда — 117, Нарын облусунда — 4, Баткен облусунда — 97 кишиден вирус табылды.

Март айынан бери вирус жуктургандардын саны 53 миң 459га жетти.