Райымбек Матраимов кармалды

12:21, 20 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал бүгүн кармалып, УКМКга жеткирилди.

Бүгүн эле УКМК Райымбек Матраимов суракка чакырылганы айтылган.

Социалдык тармакта Райымбек Матраимов фамилиясын Ысмайыловго өзгөртүп, жаңы паспортко ээ болгону белгиленет.