11:38, 20 октября 2020, Бишкек - 24.kg
COVID-19 илдетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, бир бейтап Баткен облусунда, дагы бирөө Бишкек шаарында көз жумду.
Учурда коронавирус жуктурган 2 миң 690 адам ооруканада, 2 миң 481 бейтап үйдөн дарыланууда.
Март айынан бери 52 миң 910 киши вирус жуктуруп, анын 1 миң 113 каза тапты.