Ош облусунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

10:52, 20 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен кабарлады.

Жаратылыш кырсыгы кечээ, 19-октябрь күнү, 16:17де болду.

Жер титирөө Чоң Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма айылдарында 2 балл, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Кашка-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген.

Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.