Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

10:44, 20 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу  24.kg агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. 
 
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 7-8-ноябрь күнү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул жолу дата жекшемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу 9унчу жана 10-ноябрга жылдырылат. 
 

Улуу Октябрь революциясынын күнүн өзгөртүү чечими 2017-жылы кабыл алынган.

1937-38-жылдардагы репрессияда улуттук интелегенциянын өкүлдөрү курман болгонун эске алуу менен 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. 

Белгилей кетсек, 7- ноябрь дагы бир майрам - Басма сөз жана маалымат күнү.