Хакерлер бузган Жогорку Кеңештин сайтынын иши жөнгө салынды

16:56, 19 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Хакерлер бузган Жогорку Кеңештин сайтынын иши кайта жөнгө салынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда сайттын ишин жөнгө салуу боюнча иштер уланууда.

«Хакерлер Жогорку Кеңештин бир нече кызматкеринин компьютерлерин бузуп киришкен. Ал жакта сайттын ишин жөнгө салуучу программалардын паролдору сакталган эле. Ал компьютерлер 5-6- октябрь күндөрү болгон тартип бузуулар учурунда «Ак үйдөн» уурдалып чыккан», — дешти басма сөз кызматкерлери.

Фото

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтын хакерлер бузуп кирип, көзөмөл жүргүзүшкөн. Kenesh.kg сайтына киргенде «бул сайт The Black Pirate тобунун көзөмөлүндө» деген жазуу чыккан.