COVID-19. Жалал-Абадда вирус жугузгандардын саны өсүүдө

10:31, 19 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 482 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунуда 125 учур катталды. Баткенде дагы абал турукташа элек, жаңы 107 учур табылды.

Бишкек шаарында — 73, Ош шаарында — 54, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда — 93, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8 кишиден вирус аныкталды.

Март айынан бери 52 миң 526 киши вирус жуктурду.