09:27, 19 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды ачууга даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Төмөндө стацонарлардын даректери:
Ленин району:
№ 96 мектеп («Ак-Ордо» жаңы конушу) 30 орундук;
№ 95 мектеп («Жал» кичи району) 50 орундук.
Биринчи май району:
№ 81 мектеп («Ак-Босого» жаңы конушу, профессор Зима көчөсү, 262) 40 орундук;
№ 69 мектеп (Айни көчөсү, 13) 120 орундук.
Октябрь району:
№ 39 мектеп (кичи район № 6-4/1) 50 орун;
№ 63 (кичи район № 11-9/1) 40 орун.
Свердлов району:
№ 4 мектеп (Атай Огомбаев көчөсү, 207) — 50 орундук;
№ 65 лицей — 60 орундук.
Мэриянын билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, муктаждыкка жараша дагы жеткирилип турат. Стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.