Камчыбек Ташиев УКМКга төрага болуп дайындалды

17:36, 16 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Камчыбек Ташиев УКМКга төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты мекемеден ырасташты.

«Мекенчил» партиясынын лидери бүгүн жамаатка тааныштырылды.

Белгилей кетсек, УКМКнын мурдакы төрагасы Орозбек Опумбаев 5-октябрдан бери белгисиз. Бүгүн Садыр Жапаров анын ордуна Камчыбек Ташиевди дайындады.