Ырчы Мирбек Атабеков Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурады

17:04, 16 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Ырчы Мирбек Атабеков Сооронбай Жээнбековдонн кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Мирбек Атабеков саясаттан алыс экендигин белгилейт.

«Ачууга алдырып сүйлөгөн үчүн кечирим сурайм. Мен бир дагы саясый партияда жокмун», — дейт Мирбек Атабеков.

Белгилей кетсек, Мирбек Атабеков Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» партиясынын гимнин аткарат.