Бишкекте өткөн түнү тартип бузуу болгон жок

09:54, 16 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн түнү Бишкекте тартип бузуулар катталбады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ордо калаабызда коомдук тартип бузулган фактылар жана мародерлук катталган жок.

«Милиция кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, элдик кошуун шаардыктардын коопсуздугун камсыздоону улантууда. Мамлекеттик же жеке менчик мүлккө кол салуу, талап-тоноо фактысы катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.