«Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулган митингчилерге бешбармак алып келишти

12:29, 15 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаровдун тарапташтары «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулуп жатышат. Учурда ал жерде миңге жакын адам турат.

Митингчилердин жарымын «Ак-Кеме» мейманканасынан алып келишти.

Жөн турбастан, түштөнүп алгыла деп, митингчилерге казандап бешбармак менен палоо алып келишти.