Премьер-министрдин тарапташтары митингин мамрезиденциядан улантмай болду

11:12, 15 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровду жактагандар чогулуп жатат.

Жүзгө жакын адам автобуска отуруп, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы көздөй узап кетти. Алар «Ысык-Кол» мейманканасынын алдында чогулуп жатышат.

Акцияга катышуучулардын талаптарды өзгөргөнүн белгилей кетүү керек. Эми алар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматынан кетүүсүн талап кылышууда.