Ысык-Көлдө жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди

11:10, 15 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ооруканада коронавирус инфекциясы жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 койка-орундук жайгашкан.

Фото

Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түштү.