COVID-19. Дагы беш киши вирустан каза тапты

10:54, 15 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада вирус жугузган 5 киши набыт болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 1, Ош облусунда — 2 жана Баткен облусунда — 2 набыт болду.

Март айынан бери 50 миң 589 кишиден вирус аныкталса, анын 1 миң 99у каза тапты.