COVID-19. Бир сутка ичинде 388 кишиден вирус аныкталды

10:47, 15 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Бир суткада ичинде 388 бейтаптан вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 59, Ош шаарында — 55, Чүй облусунда — 19, Ош облусунда — 50, Талас облусунда — 16, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 86 жана Баткен облусунда — 83 учур катталды.

Март айынан бери өлкөдө 50 миң 589 кишиден вирус аныкталды.