Депутаттар Садыр Жапаровду бир добуштан премьер-министрликке бекитти

14:05, 14 октября 2020, Бишкек - 24.kg

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин отуруму өтүп жатат.

Депутаттар Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке кайтадан караштырып, аны жана өкмөт программасын бир добуштан бекитип беришти.

Отурумда учурда 83 депутат бар, сегизи ишеним каттарын берип койгон.