Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровду сунуштады

12:03, 14 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин отуруму жүрүп жатат.

Күн тартибине депутаттар премьер-министр кызматына Садыр Жапаровду бекитүүну талкуулоодо.

Жыйынга 83 депутат келип, сегиз эл өкүлү кесиптештери аркылуу ишеним каттарын беришкен.

Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин бир добуштан сунуштады.

Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчылыгына бекитишкен. Бирок президент парламенттин бул токтомун депутаттарга кайтарып берди.