12:03, 14 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин отуруму жүрүп жатат.
Күн тартибине депутаттар премьер-министр кызматына Садыр Жапаровду бекитүүну талкуулоодо.
Жыйынга 83 депутат келип, сегиз эл өкүлү кесиптештери аркылуу ишеним каттарын беришкен.
Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин бир добуштан сунуштады.
Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчылыгына бекитишкен. Бирок президент парламенттин бул токтомун депутаттарга кайтарып берди.