Элнура Мамбетжунушева Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды

11:01, 14 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна Мамлекеттик бажы кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Мындай чечим Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жактарды бажы органдарындагы иштен бошотуу жана алар орноткон коррупциялык схемаларды жоюу максатында кабыл алынды.

Башка буйрук менен Торутаев Алтынбек Элимович Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.