10:51, 14 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров бир катар буйрукка кол койду:
— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) өкмөттүн аппарат жетекчиси — министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;
— Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;
— Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) өкмөткө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);
— Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;
— Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
— Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.