«Бишкекжылуулук» ААКсы ордо калаабыздагы турак үйлөрдүн 97 пайызына жылуулук берди. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Мааламытка ылайык, жылуулук 1 миң 933 үй жана 53 медициналык мекемеге жетти.
Эске салсак, буга чейин «Көк-Жар» кичи районунун тургундары 24.kg маалымат агенттигине үйлөрүнө жылуулук келбей жатканын билдирип, даттанышкан. Бишкекжылуулуктун адистери жерине чыгып, № 3 турак үйүнүн жылуулук берүүчү пунктун текшерип, редуктивдик капкакча иштебей калганын аныкташкан. Учурда ал оңдолуп, үйгө жылуулук бериле баштады.