2020-жылдын сентябрь айына карата салык чогултуу планы 17,1 пайызга же 1 миллиард 31,8 миллион сомго ашыкча аткарылды. Бул маалыматты Мамлекеттик салык кызматы таркатты.
Ага ылайык, сентябрда 7 миллиард 64,4 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 609,5 миллион сомго өстү.
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын ичинде 55 миллиард 55,2 миллион сом салык чогултулду.