21:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке келет. Садык Шер-Нияз ага мандатын берди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 6-чакырылыштын депутаты болот. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаевдин иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Анда соттолгон макамы жок. Кылмыш иши райондук сотто каралып жатат.

2017-жылы Өмүрбек Текебаев «Жемкорлук» беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Өткөн жумада Өмүрбек Текебаев мандат алуу үчүн Боршайкомго кайрылды. Ага бош мандат жок деген жооп айтылды.

Айрым маалыматтарга караганда, депутат Садык Шер-Нияз мандатын бошотуп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар