09:42, 13 октября 2020, Бишкек - 24.kg
Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровго колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул тууралуу абактан жолдогон катында белгилейт.
Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун ишенимине кирип, аны премьер-министр катары дайындады.
«Бул жакшы, себеби ал Жээнбеков-Матраимов кланынан эмес. Садырдын иши оңунан чыгат деген ойдобуз. Бирок, куу Сооронбай Садырды алдап, каралап чыгышы мүмкүн. Анын эч кандай антына ишенбеш керек», — дейт Алмазбек Атамбаев.
Белгилей кетсек, 5-октябрь түнү абактан мыйзамсыз чыгарылган Алмазбек Атамбаев 10-октябрь күнү кайра кармалды.
Алмазбек Атамбаев ал арада 9-октябрда Бишкекте борбордук аянтта митинг өткөрүүгө жетишти. Ал өлкөнү кылмышкерлер башкарып жатканын айтып, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп чыккан.
Аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары Алмазбек Атамбаевди, Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаков кууп кетиришкен.
Митинг учурунда Алмазбек Атамбаевдин унаасына ок атылды. Мурдакы президент өмүрүнө кол салуу болгонун айтты.