21:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токтогулда жол кырысыгында үч адам каза тапты

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында тактап айтканда Кара-Жыгач айылында болгон. Анда Honda Odyssey жана Toyota 4Runner үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыкта 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине ӨКМдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума