12-октябрда карантиндик аймактарга блокпосттор коюлуп, жарандардын кечки саат 10дон таңкы алтыга чейин үйдөн чыгуусуна чектөө киргизилди.
Мындан тышкары Мамлютка шаарында 100 адамга ылайыкташкан карантиндик стационар ачылды. Ушу тапта 58 киши коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүүдө.
«Шаар 14 күнгө жабылат. Мындай чечим аймакта коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынды. Буга чейин түнкү 11ге чейин иштеген бизнес-борборлор, дүкөндөр кечки тогузда жабылат. Коомдук транспорт токтоп, таксилер иштейт», — деди калаа башчынын орун басары Алмагүл Рамазанова.
9-октябрда Түндүк Казакстан облусундагы Булаев шаары да карантинге жабылган. Эки жуманын ичинде бул шаарда коронавирус жуктурган 24 учур катталган.
Өткөн суткада Түндүк Казакстан облусунда 11 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Марттан бери аймакта 3 921 киши COVID-19га чалдыкты.